Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

8-ноябрды эскерүү күнү деп расмий жарыялоо талабы коюлду


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Ак үй алдына "40 миңден ашуун адам эстеликке татыктуу" деген жазуу менен пикетке чыкты. Ал өлкө жетекчилигинен 8-ноябрды жыл сайын сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөөнү жана азыр Кыргызстан элинин ассамблеясы жайгашкан имараттын алдына кара граниттен эстелик тургузууну талап кылды.

Кыргызстанда 8-ноябрь – сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Активист муну даталуу күн катары белгилеп, президенттин жарлыгы менен расмий жылнаамага киргизүү керектигин айтууда.

​Куугунтукка кабылган жүздөн ашуун кыргыз интеллигенттери эл душманы, улутчул деп аталып, 1938-жылдын 5-7-8-ноябрында атылганы аныкталган.

2011-жылы экс-президент Роза Отунбаева өлкө жетекчиси болуп турганда 8-ноябрга карата атайын атылгандар көмүлгөн "Ата-Бейитке" барып, куран окуткан. Быйыл жогорку бийлик адамдарынан ал жакка барганы болгон жок.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, кыргыз бийлиги Кремлдин таасиринен улам репрессия курмандыктарын көз жаздымда калтырууда. Анын оюнча, Украина, Грузия, Молдова сыяктуу өлкөлөр авторитардык режимдин курмандыктарын сый-урмат менен эскерет. (RK)

XS
SM
MD
LG