Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Ондогон жылдан кийин Иран президенти Европага биринчи ирет барат


Хасан Роухани кыйла жылдардан бери Европага иш сапары менен барган Ирандын алгачкы президенти болуп калмакчы. ИРНА мамлекеттик агенттиги жазгандай, Роухани Европа сапарын 14-ноябрда Италиядан баштап, 16-17-ноябрь күндөрү Францияда болмокчу. Италияда ал Рим папасы Франциск менен жолугушары да күтүлүүдө. Иран президентин Европа иш сапарында бир топ министрлер коштоп барышат.

Роуханинин визити анын Батышка ачыктыгын сындаган эскичил саясатчылар менен тиреши күчөп турган маалга туш келүүдө. Жакында эле президент ирандыктарды өкмөттү, сот органдарын, парламенттин кемчиликтерин ачык айтууга, бирок кимдир бирөөлөрдү каралоодон, калптан карманууга үндөгөн. Сот системасынын жетекчиси аятолла Садех Ларижани Роуханинин сөздөрүн “акаарат” жана "жалаа жабуу" катары баалады.

Быйыл июлда Тегеран менен дүйнөлүк державалар атомдук программа боюнча тарыхый келишимге жетишкен.

XS
SM
MD
LG