Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:46

Нарымбаев жана Коркмазов боюнча сот өкүмү 18-ноябрда чыгат


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов боюнча сот өкүмү 18-ноябрда чыгат. Бул тууралуу бүгүнкү соттук отурумда жарыяланды.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алган деп камакка алынган Нарымбаев жана Коркмазовдун соту уланды. Мамлекеттик айыптоо Нарымбаевди 12 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө кесип, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү, Коркмазовду генерал-майор наамынан ажыратып, 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка отургузууну өтүндү.

Соттолуучулар экөө тең соңку сөзүн сүйлөп, күнөөсү жок экенин айтышты. Адвокаттары да алар кылмыш кылбаганын айтып, толук актоону суранды.

Данияр Нарымбаев сотко кайрылып "бир гана жалаанын негизинде күнөөсүз адамды эркинен ажыратып койбогула" деп чакырды.

Түлеев мэр болуп турганда Кытайдан автобус сатып келүүдө мамлекеттик каражатты мыйзамсыз короткон деп айыпталып, 2013-жылы 11 жылга кесилген. Нарымбаев менен Коркмазов анын үй-мүлкүн конфискациялоону мыйзам негизинде кароо үчүн кызынан 100 миң доллар талап кылган деген айып менен быйыл кармалган. Экөө тең ушул тапта УКМКнын тергөө абагында. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG