Киевде орусиялык эки жарандын - куралдуу күчтөрдүн жоокерлери деп айтылган Александр Александров менен Евгений Ерофеевдин кылмыш иши каралууда. Аларга "Украинага каршы согушту уюштурууга жана ишке ашырууга катышкан, террордук уюмга көмөктөшкөн" деген айыптар тагылууда. Айыпталуучулардын жаңы адвокаты Юрий Грабовский журналисттерге билдиргендей, Александров эч ким тааныбаган "Луганск элдик жумуриятынын" элдик милициясынын кызматкери болгонун айтып, мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартат. Ушундай эле билдирүүнү Ерофеев да жасамакчы. Экөө ушул майда Луганск облусундагы салгылашуулар учурунда кармалган. Суракта алар өздөрүн орус армиясынын жоокерлери деп аташкан. Орусиянын коргоо министрлиги болсо Александров менен Ерофеев куралдуу күчтөрдөн былтыр декабрда бошоп кетишкенин маалымдаган.
Киев сотунда орусиялык жоокерлер делген эки адамдын иши каралууда
