Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 05:02

Аткаминерлер менен ишкерлер жемкорлукка бөгөт коюуну талкуулайт


Generic -- Bribe, corruption

Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлер коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талкуулоо максатында форумга чогулат. Жемкорлукка каршы жыйын бүгүн Бишкектеги “Хаят” мейманканасында өтөрүн Экономика министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Талкуу 2010-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанда коррупцияны азайтууга арналган улуттук стратегиянын алкагында уюштурулууда.

Эл аралык Transparency International уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыр 136-орунду ээлеп, жемкорлуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында орун алган. Изилдөөгө 175 өлкө катышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG