Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Өзбекстанда дарыгерлер августтан бери пахта териминде


Өзбекстандык теримчилер
Өзбекстандык теримчилер

Жергиликтүү булактар кабарлагандай, бир эле Хорезм облусунда төрт жүзгө жакын медицина кызматкери талаада жүрөт. Үч айдан бери ашарчы саналган ак халатчандар талаада пахта түгөнүп баратса да жумушка кайтышкан жок. Пахтага чыкпаган дарыгерлер өкмөткө күн сайын 10 миң сум же 3 доллардан ашыгыраак акча төлөөгө мажбур экенин “Азаттыктын” өзбек кызматына медицина кызматкерлери кабарлаган.

Өзбекстанда пахта терими башталары менен мамлекеттик мекемелердин адистерин талаага айдоо өнөкөтү эл аралык уюмдардын сынына карабай, токтобой келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG