Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан кабарлашты. Социалдык фонддун Өзгөн райондук башкармалыгынын башкы эсепчиси жана жетекчилери аларга бөлүнгөн каражаттан 2014-2015-жылдардагы маянасы үчүн айрым кызматкерлерге ашыкча акча төлөп жүргөнү аныкталды. Мекеме мындан сырткары өкмөттүн №767-токтомуна каршы иш жасап, 2002-жылы чыгарылган «Ниссан» үлгүсүндөгү кызматтык унааны зарылчылык болбосо да сатып алган.
Мунун айынан мамлекетке 1 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген.
Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (ErN)