Бүгүн Жогорку Сот төрайымы Айнаш Токбаева жана Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов иш сапар менен Нарын облусунда жүрүшөт. Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, алар Нарын облусунун сот органдарынын ишмердүүлүгү, соттордун имараттарынын абалы менен таанышууда.
Айнаш Токбаева Жогорку Соттун жетекчиси болуп быйыл 23-сентябрда шайланган. (RK)