Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

1916-жылкы окуяны кыргын же геноцид деп баалоо жагы такталууга тийиш


Жыйынга катышкан тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин кандидаты Мистегүл Махмутбекова. 11.11.2015.
Жыйынга катышкан тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин кандидаты Мистегүл Махмутбекова. 11.11.2015.

Кыргызстандагы 1916-жылкы окуяны кыргын же тукум курут кылуу, геноцид деп атоо керек. Иш-чараны уюштурган бул комиссиянын мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун "Азаттыкка" айтымында, окуяны иликтеп келаткан коомдук комиссия бүгүн Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияга ушундай сунушун берди.

Мамбетжунус Абыловдун "Азаттыкка" айтымында, конференцияга президенттин жарлыгы менен түзүлгөн атайын топтогу тарыхчылар да катышты.

Абыловдун айтымында, 1916-жылдагы окуяны үркүн деп атоо туура эмес, себеби бул сөз малга карата колдонулат. "Адам үркпөйт, кырылат, кемсинтилет, жок кылынат, андыктан болгонун болгондой айтыш керек" дейт ал:

- Чындыгында, тарыхчыларга көп ишенбей турабыз. Орустардын ачуусуна тийбеш үчүн эптеп жымсалдап 100 жылдык деп өткөрүп коюшабы деп... Коркуп жүрө беребизби? Тарыхта бул окуя болгонун айтып, мектептеги балдарга кыргыздын башынан ушундай окуя өткөн, кырылган, тукум курутка учураган деген сөздөрдү айтышыбыз керек. Ушул багытта иштеп жатабыз.

Арийне, бул илимий жыйынга катышкан тарыхчылар мурдагы элчи М.Абыловду окуяны бурмалап түшүндүрдү деп аны кескин сынга алып чыгышты. Алардын айтымында, жыйында эч кандай "геноцид" ("тукум курут") тууралуу бүтүм чыгарылган жок.

1916-жылы Борбордук Азияда жана Кыргызстанда падышалык өкмөттүн жазалоочулары кыргын уюштурганбы же атайылап тукум курут саясатын жүргүзгөнбү, дал ушул маселе боюнча келээрки жылдын аягына чейин бул маселени калыс таразалоо аркылуу тийешелүү тыянак чыгаруу сунушу жыйындын резолюциясында тарыхчыларга жана коомчулукка жолдонгон.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында быйыл 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген топ түзүлгөн. Анда "кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү" сунушталган.

Жарлыкка удаа айрым оппозициялык саясатчылар, коомдук ишмерлер өзүнчө коомдук комиссия түзүшкөн. Аны белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров жетектейт.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан улам Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

Быйыл жайында Барскоон айылында коомдук комиссия уюштурган элдик курултай 1916-жылкы Үркүндү "тукум курут" ("геноцид") саясатынан улам болду деп баалаган. Айрым изилдөөчүлөр бул окуяны "кыргын" деп баалоо керек, бирок аймакта тукум курут саясаты жүргөн дешке мүмкүн эмес, деп санашат. (RK)

XS
SM
MD
LG