Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Ооганстанда хазарлардын өлтүрүлүшүнө нааразылык күчөдү


Кабулдагы нааразылык, 11-ноябрь, 2015.
Кабулдагы нааразылык, 11-ноябрь, 2015.

Кабулда нааразылык акциясына чыккан миңдеген адамды токтотуу үчүн полиция асманга ок атты. Алар президенттик сарайды курчаган дубалдан ашып өтүүгө аракет жасаганда полиция эскертүү үчүн ок чыгарууга аргасыз болду. Өлтүрүлгөн жети адамдын табытын кошо көтөрүп чыккандар өлкөдө коопсуздукту камсыз кыла алчу өкмөт түзүүгө чакырык таштап, президент Ашраф Гани менен өкмөт башчы Абдулла Абдулланын кызматтан кетишин талап кылышты.

Мунун алдында Пакистан менен чек арадагы Аргандаб районунда этникалык хазарлардын - төрт эркек, үч аялдын мууздалган сөөгү табылган. Алар 6-ноябрда өлтүрүлгөнү маалым болду. Провинциянын губернатору Мохаммад Анвар маркумдар кошуна Газни чөлкөмүнөн уурдалып кеткенин айтып, кылмыш үчүн “Ислам мамлекети” радикал уюмун айыптады.

XS
SM
MD
LG