Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Өкмөт башчы кыргыз футболунун абалы менен таанышат

Кыргыз футболунун күйөрмандары
Кыргыз футболунун күйөрмандары

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Кыргызстандын футбол федерациясына барып, улуттук футболдун күңгөй-тескейин адистер менен бирге талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз футболчулары соңку жылдары жакшы оюндарды көрсөтүп, оозго алына баштады. 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагындагы беттештери адистердин алкоосуна арзып жатат. Өткөн айда Бангладеш курамасын 2:0 эсебинде утуп алган соң Темир Cариев командага 200 миң сом бөлүп берген.

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) ноябрдагы рейтингинде Кыргызстан 124-орунду ээлеп, өткөн айга салыштырмалуу 22 тепкичке көтөрүлгөн. Бул рейтингде Тажикстан 160, Казакстан 131, Түркмөнстан 121, Өзбекстан 71-орунда. (SE)

​
XS
SM
MD
LG