Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Орусияда тажик жараны "терроризмге үгүттөгөн" деген айып менен соттолду


Орусиянын түндүк-батышындагы Архангельск соту бир тажик жаранын "терроризмге үгүттөгөн" деген айып менен үч жылга абакка кести.

Архангельск облустук прокуратурасы 11-ноябрда 20 жаштагы Шахбоз Азимов Интернет аркылуу терроризмге үгүттөгөн чакырыктары жана кастыкты козутканы үчүн айыптуу деп табылганын билдирди. Тергөөчүлөр Азимов Интернетке Орусиядагы мусулмандарды мусулман эместерге каршы жихадга чакырып, Ирак менен Сириядагы согушкерлерге кошулууга үндөгөн материалдарды жайгаштырганын айтууда. Полиция болсо ал жашаган үйдөн диний-экстремисттик маанайдагы баракчалар, электрондук материалдар табылганын ырастады.

Тажик жаранынын бул сот өкүмүнө каршы даттанууга он күндүк убактысы бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG