Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:52

Сирия оппозициясы Орусия сунушун четке какты


Шаршембиде Сирия оппозициясы өлкөдөгү беш жылга созулган согушту токтотууга багытталган Орусиянын абалды жөнгөрүү боюнча сунушун четке какканы кабарланды. Оппозиция өкүлдөрү Москва муну менен Башар Асадды бийликте кармап калууну көздөйт деп эсептейт. Документтин долбоорунда Москва Сирия бийлиги менен оппозициясына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө жол берген конституциялык реформа жараянын баштоону макулдашууну сунуштаганы сөз болууда. Reuters агенттигине түшкөн бул долбоор Асаддын да ал шайлоого катышуусун четке какпайт.

"Сирия эли Асаддын диктатурасын эч качан кабыл алган эмес. Эгер эми ал кайра түзүлүп, башкача аталып калса деле кабыл албайт", - деди Сириянын Батыш колдогон Улуттук коалициясынын мүчөсү Монзер Акбик.

Иран менен кошо президент Башар Асаддын эң башкы өнөктөшү деп эсептелген Орусия ушул жумада Венада өтүүсү белгиленген эл аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чейин кандайдыр бир документ даярдалганын четке какты.

XS
SM
MD
LG