Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Допинг жаңжалынан улам Ламин Диак кызматтан кетти


Ламин Диак
Ламин Диак

Эл аралык жеңил атлетика бирлигинин жетекчиси, эл аралык олимпиада комитетинин ардактуу мүчөсү Ламин Диак допинг жаңжалынан улам кызматтан кетти. Ал өткөн жумада жемкорлукка шектелип, француз бийликтери тарабынан кармалган. Диак орус спортчуларына допингден пайдаланууга уруксат берүү үчүн пара алганы айтылган.

Дүйнөлүк допингге каршы агенттик ушул жумада орусиялык жөө күлүктөр бузган эрежелер боюнча баяндама жасап, беш спортчу тыюу салынган кызытма дарылардан пайдаланганын жар салган. Мындан улам Орусиянын беш жөө күлүгү менен беш машыктыруучусун эл аралык мелдештерге катышуу укугунан өмүр бою ажыратуу сунушталган.

Орус президенти Владимир Путин допингге каршы агенттик менен кызматташып, ишти өлкө ичинде тыкыр иликтөөгө алууну тийиштүү кызматтарга тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG