OUT басылмасы Обаманы “жылдын санаалашы” деп атады. Анткени Барак Обама кумсалардын басылмасы үчүн сүрөткө түшкөн биринчи АКШ президенти болуп калды.
Басылманын 11-ноябрда чыккан саны “тарыхый жылдагы тарыхый окуя” катары бааланууда.
2015-жылы АКШ Жогорку Соту бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү түзгөнгө уруксат берген.
Буга чейин Кентукки штатынын аткаминери Ким Дэвис жаңы мыйзам чыкканына карабай, бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү каттоодон баш тарткан.
Аткаминердин мындай кадамына Америка президенти жооп берип: “Мен Кудайга ишенген адаммын, диний эркиндикти сыйлайм. Бирок бүгүн адамдар өзүнүн диний көз карашын мыйзамдан өйдө кое албайт”, - деп билдирген.