Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Сот Келдибековду бир иши боюнча актап, экинчисине байланыштуу айыпка жыкты


Акматбек Келдибеков Салык кызматын жетектеп тургандагысы боюнча акталды, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Москвада өкүлчүлүк ачуу чечимине байланыштуу айыппул төлөмөй болду.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн ушундай өкүм чыкты.

Сотто ал Салык кызматын жетектеп турганда кызматынан пайдаланып акча жымырган деген айып далил таппаганы айтылды. Ал эми парламентти жетектеп турганда кызматтык абалынан аша чапканы үчүн айыпка тартылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеп келген саясатчы Акматбек Келдибеков мамлекеттин акчасын жымырып алган деген айып менен 2013-жылы кармалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Прокуратура аны он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Анын жактоочулары жана өзү жөнсүз айып коюлуп жатканын белгилеп, муну бийликтин куугунтугу катары сыпаттап келишет. (SdZ)

XS
SM
MD
LG