Өзбекстанда белгилүү оппозициячы Мурод Жураев 21 жыл абакта отуруп азат кылынды. "Эзгулик" деген жергиликтүү укук коргоо борбору маалымдагандай, ал 12-ноябрда Чирчик шаарындагы түрмөдөн чыкты. Этникалык түркмөн, 63 жаштагы Жураев 1991-1992-жылдары парламент депутаты болгон. 1994-жылы өкмөттү төңкөрүүнү пландаган деген айып боюнча камакка алынган. Анын колдоочулары бул иштин артында саясат турат деп ырастап келишти. 1995-жылы 12 жылга кесилип, абактагы тарипти бузган деген шылтоо менен кеминде 4 ирет жаза мөөнөтү узартылган.
Оппозициячы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин Ташкенттеги сапарынан эки жума өткөндөн кийин кое берилип отурат.