21-ноябрда Бишкекте кыргыз-жапон музыка фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн «Кыргыз-жапон өнүгүү борборунан" кабарлашты. Кочкордон жана Токмоктон келген мектеп окуучулары комузда жана жапон улуттук музыка аспаптарында ойноп беришет. «Ооэдодайко» тобу жапон барабандары «тайко» боюнча чыгармачылыгын көрсөтөт. (RK)