Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Күн системасында жаңы чакан планета табылды


Күн системасы
Күн системасы

Астрономдор Күн системасында эң алыскы чакан планетаны табышты. Окумуштуулардын айтымында, Плутондон эки эсе кичинекей планета Күндөн 15 жарым миллиард километр алыс жайгашкан. Вашингтондогу Карнеги институтунун кызматкери Скот Шеппард ачылыш жөнүндө жарыялап жатып, планетанын орбитасы азырынча изилдене электигин белгиледи.

Корнелл университетинин профессору, астроном Жозеф Бернс жаңы табылга "Күн системасы биз ойлогондон алда канча чоң экенин далилдейт» деди.

Акыркы жолу Күн системасындагы эң алыскы объект – Эрида деген карлик-планета 2005-жылы табылган.

XS
SM
MD
LG