Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Азербайжандык укук коргоочу Ариф Юнус үй камагына чыгарылды


Укук коргоочу жубайлар
Укук коргоочу жубайлар

Азербайжан соту укук коргоочу Ариф Юнусту саламаттыгына байланыштуу абактан үй камагына чыгарды. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери редакциясы кабарлаганына караганда, Баку шаарынын апелляциялык соту бүгүн анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырды. Юнус өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катка кол койду. Үстүбүздөгү августта борбор шаардын өзгөчө оор кылмыштар боюнча соту Ариф Юнусту 7 жылга, жубайы Лейланы 8 жарым жылга эркинен ажыраткан. Аларга экономикалык кылмыштар боюнча айып тагылган. Эл аралык укук коргоо уюмдары бул сот ишин куугунтук катар сыпатташкан.

Бакуда расмий катталбаган Тынчтык жана демократия институтунун негиздөөчүсү Лейла Юнус абакта кала берүүдө.

Ал армениялык укук коргоочулар менен элдик дипломатияга активдүү катышып жана Азербайжандагы адам укуктарынын абалын сындап келген.

XS
SM
MD
LG