Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Жогорку Рада Крым татарларынын депортациясын геноцид деп тааныды


Украинанын парламенти Крым татарларынын 1944-жылкы депортациясын геноцид деп таануу боюнча резолюция кабыл алды. Документте ошондой эле 18-май курмандыктарды эскерүү күнү катары белгинелери айтылат.

Крым татарларынын активисттери украин бийлигин бир канча жылдан бери депортацияны тукум курут деп расмий атоого көндүрүп келди.

1944-жылдын 18-майында Сталиндин буйругунун негизинде нацисттер менен кызматташкан деген күнөө тагылган татарлар жарым аралдан айдалган. 180 миңден көп киши Борбор Азия жана Сибирге депортацияланып, 40 пайыздайы жолдо же сүргүндө каза тапкан. Крым татарларына мекенине кайтууга уруксат 1980-жылдардын этегинде, СССР ыдыраарга жакын берилген.

Крым татарларынын көбү былтыр мартта жарым аралдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG