Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Өзбекстанда оппозиционер саясатчы бошотулду


Мурат Жураев
Мурат Жураев

Өзбекстанда оппозиционер саясатчы Мурат Жураев 21 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Аны туугандары менен тосуп алган укук коргоочу, «Эзгулик» уюмунун башчысы Васила Иноятованын айтымында, Чырчык абагынан бошотулган Жураев Кашка-Дарыя облусундагы үйүнө кетти.

Расмий маалымат боюнча, Жураевдин камактагы мөөнөтү аяктады. Бирок Васила Иноятова оппозиционер эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин кийлигишүүсү менен эркиндикке чыкканын билдирди.

Мурат Жураев бийликти басып алууга аракеттенди деген жүйө менен 1994-жылы камалган. Бийлик өкүлдөрү абак эрежесин бузган деген негизде анын мөөнөтүн 4 жолу узартышкан.(SE\NT)

XS
SM
MD
LG