КМШ өлкөлөрүнүн чек ара аскерлеринин башкаруу кеңешинин координациялык кызматынын башчысы Александр Маниловдун айтуусунда, Ооганстан менен чектеш жерлерде коопсуздук күчөтүлөт.
“Интерфакс” билдиргендей, Тажикстанда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек ара кызматынын ыкчам тобу иш жүргүзүүдө. Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү адистерди даярдоо, алардын тажрыйбаларын арттыруу үчүн жардам берип, кеп-кеңештери менен бөлүшүүдө.
Манилов орус аскерлерин тажик-ооган чек арасын кайтарууга кайрадан тартуу маселеси күн тартибинде жок экенин айтты.
Чек араларды бекемдөө багытында Кыргызстанга да жардам көрсөтүлүүдө.
Азыр КМШ өлкөлөрүнүн Ооганстан менен чектеш жерлеринде 4,5 миңге жакын согушкерлер топтолгону тууралуу маалымат бар. Манилов алардын жер которуп жатканы байкалганын белгиледи Негизинен Тажикстан, Түркмөнстан тарапка ооп кетишүүдө.
“Бул мамлекеттердин чек араларын бекемдөө боюнча атайын программа даярдалып чыккан”, - деди Манилов.