Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Таласта төө буурчакты 33 сомдон сатып ала башташты


Кызыл-Адыр айылындагы нааразылык жыйындар
Кызыл-Адыр айылындагы нааразылык жыйындар

Кечээтен тарта Таластагы фирмалар төө буурчактын бир килограммын 33 сомдон сатып ала баштады. Мындай чечим премьер-министр Темир Сариевдин 10-ноябрда Таласкта иш сапары учурунда түзүлгөн комиссиянын ишинин натыйжасында төө буурчак алган фирмалар менен макулдашылгандан кийин кабыл алынды.

Таластык дыйкандар көбүнчө айыл чарба өсүмдүгүнүн ушул түрүн айдашат. 1-2 жыл мурда анын килограммын 100-115 сомдон өткөрүшчү. Былтыр баасы 60 сомдон башталып, жазга жакын 20 сомго түшүп кеткен.

Ал эми быйылкы түшүмдү фирмалар 20-25 сомдон сатып ала баштаганына нааразы дыйкандар өткөн айдан тарта акция өткөрүп, эмгеги акталбай калып жатканын айтып өкмөткө кайрылышкан.

Бирок ноябрдын башынан тартып 35 сомдон ала башташканы менен ар бир дыйкан 5 каптан гана айыл өкмөттүн тастыктама кагазы боюнча тапшыра алат деген чектөө коюлганы тонналаган төө буурчагын кармап отурган фермерлердин нааразылыгын жараткан.

Учурда 33 сомдон кабыл алууда андай чек жок экенин "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы маалымдады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дыйкандар өндүргөн продукциясын узун кезек күтүп өткөрүүдө. Айрым кабыл алуу пункттары нак акча жетишпей жаткандыктан кийин эсептешебиз деген убада менен чек берүүдө. (SS/RK)

XS
SM
MD
LG