Ички иштер министрлиги Бишкектин "Достук" кичи районунда өткөн атайын операция маалында иштеген медициналык тез жардам кызматкерлерине сыйлык берди. Бүгүн министр Мелис Турганбаев мекеменин сыйлыктарын Бишкектин Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысына жана бир катар кызматкерлерине тапшырды.
Октябрь айында "Достук" конушунда терроризм үчүн соттолуп, түрмөдөн качып кеткен кылмышкерди кармоо учурунда милициянын ыкчам даярдыктагы "Илбирс" тобунун бир кызматкери мерт болуп, экөө жараат алган.
ИИМ жетекчиси жабыркаган милиционерлерге тез жардам көрсөткөнү үчүн доктурларга ыраазылык айтты.
№50 абакта отурган 9 адам 12-октябрга караган түнү абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткен. Аларды кармоо операциясы 10 күнгө уланган. Качкандардын алтоо өлүп, үчөө учурда камакта отурат. (RK)