14-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүгүндө, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1...+4, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 5…7 градус болот.