Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Мьянмада парламенттик шайлоодо оппозициялык партия жеңди


Мьянмада оппозициянын лидери Аун Сан Су Чжинин партиясы парламентте көпчүлүк мандаттарды жеңип алды.

Расмий маалыматтарга караганда, 8-ноябрдагы шайлоодо 1990-жылдан бери биринчи жолу өнөктүккө катышкан Демократия үчүн Улуттук Лига парламенттин эки палатасында тең көпчүлүктү түзүү үчүн керектүү сандан көп добуш алды.

2008-жылкы конституцияда мыйзам чыгаруучу органдагы орундардын 25 процентине башкаруудагы аскерлер көргөзгөн талапкерлер дайындалаары айтылганы менен, партия президентти шайлоого жана өз алдынча өкмөт курууга мүмкүнчүлүк алмакчы.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Су Чжи хунтанын конституциясы боюнча президенттикке шайлана албайт. Бирок саясатчы ал кызматка жакын адамын дайындаарын айтууда.

XS
SM
MD
LG