Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Европа биримдиги Ариф Юнустун үй камагына кое берилишин кубаттады


Европа биримдиги Баку сотунун укук коргоочу активисти Ариф Юнусту саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгаруу чечимин кубаттап, муну "позитивдүү гуманитардык ишара" деп атады.

Биримдик 13-ноябрда жасаган билдирүүдө мындан ары да оң кадамдар жасаларына үмүттөнөрүн белгиледи. Анда ошондой эле шаркеттин Азербайжан менен «терең жана кеңири диалог» жүргүзүүгө даярдыгы айтылат. Юнус 2014-жылы Армениянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деп камалган. Ушул августта экономикалык кылмыштар үчүн айыпталып, жети жылга кесилген. Жубайы Лейла ошол эле айыптар боюнча 8 жарым жылга эркинен ажыратылган. Алардын сот ишин эл аралык укук коргоо уюмдары куугунтук катары баалашууда.

Ариф Юнус түрмөдөн кое берилердин алдында өлкөдөн чыкпайм деген тил катка кол койду.

XS
SM
MD
LG