Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Ирактагы Күрт автономиясынын башчысы Синжар шаары бошотулганын жарыялады


Күрттөрдүн пешмерга аскерлери. Синжар. Ирак. 11-ноябрь
Күрттөрдүн пешмерга аскерлери. Синжар. Ирак. 11-ноябрь

Ирактын Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани түндүктөгү Синжар шаары “Ислам мамлекети” радикал уюмунан кайтарылганын жарыялады. Синжар тоосунун чокусуна чогулган кабарчыларга Барзани калаанын бошотулушу Мосул шаарын терорчу согушкерлерден тазалоо аракетине чоң таасир этерин белгиледи.

Анын алдында күрттөрдүн пешмерга аскерлери Синжардын борборуна кирип барып, күрттөрдүн желегин көтөрүшкөн.

Тоо арасындагы Синжар Сириянын жихадчылардын колундагы аймактары менен Ирактын Мосул шаарын байланыштарган стратегиялык тилкеде орун алган. Былтыр августта согушкерлер аны ээлеп алганда езид азчылыгынын өкүлдөрү тоого качууга аргасыз болушкан. Алардын массалык өлтүрүлүшү жөнүндө маалыматтар тарагандан кийин АКШ эл аралык коалиция түзүп, радикалдардын Ирактагы турумдарына аба соккуларын баштаган.

XS
SM
MD
LG