Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:01

Азиздер жана дүлөйлөр коому милицияга кайрылды


Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому тартип коргоо органдарына кайрылып, 11-ноябрда Бишкекте алардын атынан пикет уюштургандардын ким экенин аныктап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган коомдон кабарлашты. "Алар уюм жетекчилигине арызын айтып буга чейин кайрылган эмес, көбү Азиздер жана дүлөйлөр коомуна эч тиешеси жок" деп айтылат билдирүүдө.

Бейшемби күнү Ак үй алдына аталган уюмдун мүчөсүбүз деген 10 чакты киши нааразылык акциясына чыгып, коомдун жетекчиси Калык Мамбетакунов майыптар үчүн мамлекеттин эсебинен курулган батирлерди адилетсиз таратып жатканын айтышкан жана депутаттардан, өлкө жетекчилигинен жардам сураган.

Ушундай эле даттануу менен "Азаттыкка" өткөн аптада Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Гүлжакан Смаева кайрылган. Ал 7 майып баласынын бирине да үй тийбей калганын айткан.

Калык Мамбетакуновдун айтымында, өлкө боюнча үй алууга кезек күткөн майыптардын саны 2,5 миңге жакын жана анын баарын турак жай менен камсыз кылууга уюмдун чамасы жетпейт. Бирок ошондой болсо да муктаж болгондор кезеги келгенде үй алууда. Ал эми Смаевдер боюнча суроого жооп берип жатып ал айрымдары Кыргызстанда эмес, Орусияда, Казакстанда жашарын, бул жактагылары башкалар сыяктуу эле кезек күтүүсү керектигин билдирген.

Уюмдун белгилешинче, Смаева Бактыгүл буга чейин бир тууганы, 39 жаштагы Бактыбек Смаев боюнча тартип коргоо органдарына да басым жасоого аракет кылган. Бактыбек Смаев, милициянын маалыматына караганда, азыр Орусияда. Ага издөө жарыяланган. Козголгон кылмыш иш боюнча ал кафелерде калем жана башка буюмдарды сатып акча тапкан дудуктарды опузалаган, адам уурдап коркуткан деп айыпталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG