Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Путин 23-ноябрда Иранга барат


Кремл орус президентинин 23-ноябрда Иранга барарын билдирди. Владимр Путиндин тышкы иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, мамлекет башчы газ экспорттоочу өлкөлөрдүн Тегерандагы форумуна катышып, Ирандын жетекчилери, анын ичинде президент Хасан Роухани менен жолугушат деп күтүлүүдө. Путин акыркы жолу Ислам жумуриятына 2007-жылы барган.

Газ боюнча эл аралык конференцияга 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышмакчы.

Өткөн жайда Иран жана дүйнөлүк алты держава Тегеран ядролук программасын чектесе, эл аралык санкциялар бара-бара алынып салат деп макулдашкан.

Ирандын Улуттук газ компаниясынын жетекчиси Хамид Реза Араки санкциялар алынган төрт жыл ичинде өлкөнүн газ экспорту Орусия Евробиримдикке 2014-жылы саткан газдын көлөмүнүн жарымына жетет деген үмүтүн ортого салды.

XS
SM
MD
LG