Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Орусиянын жеңил атлеттери эл аралык жарыштан четтетилди


Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын Кеңеши Орусиянын жеңил атлеттери жарышка убактылуу катыштырбай туруу чечимин кабыл алды. Ага комитеттин 24 мүчөсүнүн 22си “макул” деп добуш берген. Муну менен Орусиянын жеңил атлетика боюнча спортчулары Рио-де-Жанейродо боло турган Олимпиада оюндарына катыша албай калышат.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик орусиялык жеңил атлетчилерди Олимп оюндары учурунда допингди кеңири колдонуусуна байланыштуу айыптаган.

Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын башчысы Себастиан Коу

- Азыркы учурда бул эң оор жаза болууда. Биз бул маселени талкуулап бир чечимге келдик. Бул система Орусияда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө атлеттерди сатып койду, - деп билдирди.

Орусия президенти Владимир Путин буга чейин ишти ички иликтөөгө алууну жана эл аралык спорт уюмдары менен кызматташууну тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG