Президент Алмазбек Атамбаев Париж шаарындагы теракттарга байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты.
- Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракетин колдойт, - деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.
13-ноябрдын кечинде Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салуудан кеминде 100дөн ашуун киши мерт болду, ондогон адам жараат алды. Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланып, чек аралары жабылды. (КЕ)