Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

15-ноябрдын аба ырайы


Бишкек. 2014-жыл
Бишкек. 2014-жыл

15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,

Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,

Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8.

15-ноябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7 градус жылуу болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG