Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстандыктар француз элине көңүл айтууда


Полиция теракт учурунда жарадар болгон адамды коштоп баратат. 14-ноябрь, Париж
Полиция теракт учурунда жарадар болгон адамды коштоп баратат. 14-ноябрь, Париж

Париждеги каргашалуу окуяда мерт болгондордун жакындарына кыргызстандыктар, Бишкектин тургундары да көңүл айтууда. Бүгүн эртең менен айрым шаар тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү Франциянын Бишкектеги элчилигинин алдына гүл коюшту.

13-ноябрдын кечинде Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салууда каза тапкандардын саны 120дан ашты. Жараат алгандардын 80дейинин абалы оор экени кабарланууда. Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чек ара бекеттери жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG