Agence France-Presse (AFP) агенттиги Франция тергөө тобуна шилтеме кылып Париждеги куралдуу кол салууга катышкан сегиз адам өлгөнүн жазды. Маалыматка ылайык, алардын төртөө “Батаклан” театрында өлсө, үчөө өзүн өзү жардырган. Бирөө полициянын огунан мерт кеткен. Террордук чабуулга байланыштуу тергөө жүргүзүп жаткан атайын кызмат өкүлдөрү кылмышка катышкандардын айрымдары жашырынып кетүүгө үлгүргөн болушу ыктымал деп айтууда. Учурда куралдуу кол салууга катыштыгы бар же жардам берген адамдарды издөө иштери жүрүүдө.
13-ноябрдын кечинде Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салууда каза тапкандардын саны 120дан ашты. Жараат алгандардын 80дейинин абалы оор экени кабарланууда. Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чек аралары жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (КЕ)