Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-депутат Урмат Аманбаеванын адвокаты Жыргал Бабаев кабарлады. 13-ноябрда Октябрь райсоту Урмат Аманбаеваны тогуз жылга эркинен ажыратып, зот залынан камакка алган. Адвокаттын айтымында, учурда соттун жогорку инстанциясына кайрылууга документтер даярдалууда.
"Аманбаеванын күнөөсү далилденген эмес. Соттун өкүмүн окудум, юридикалык далил келтирилген эмес. 17 млн. зыян келген деп айтып атат, кимге зыян келтирилген так айтылган эмес. Муну менен Аманбаеванын катышы, байланышы жок", - дейт адвокат.
Аманбаева Ошто кургак учукка каршы күрөш боюнча медициналык борборунда башкы бухгалтер болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталган. (КЕ)