Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Фабиус: Венада ИМге каршы күрөштү күчөтүү сүйлөшүлөт


Сирия боюнча Венадагы жыйында сөз сүйлөгөн Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус терроризмге каршы эл аралык күрөштү координациялоону эртерек жолго салуу керектигин белгиледи. “Венадагы жолугушуунун негизги максаты - “Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык күрөштү кандай жол менен күчөтөбүз, ошону так көрүшүбүз керек”, - деди ал.

Бүгүн Венада Сирия боюнча министрлердин деңгээлиндеги экинчи эл аралык сүйлөшүү өтүп жатат. Орусия делегациясын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектөөдө. Мындан сырткары АКШ, Египет, Сауд Арабия, Түркия, Иран жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG