Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Франция: поезд кырсыгынан мерт кеткендердин саны 10го жетти


Кырсыкка кабылган поезд
Кырсыкка кабылган поезд

Францияда кечээ, 14-ноябрдагы тез жүрүүчү поезд жолунан чыгып кетип, кеминде 10 киши ажал тапты. 30дан ашуун киши жараат алды, алардын 12си оор абалда экени кабарланууда. Ал эми беш кишинин дайыны чыкпай жатат.

Тез жүрүүчү поезд жаңы темир жолду сыноо үчүн Парижден Страсбургга бараткан. Кырсык Германиянын чек арасына жакын жерде болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка жогорку ылдамдык себеп болушу мүмкүн. Бирок Франция бийлиги ылдамдыкты эмнеге жогорулатты деген маселени аныктоо зарылдыгын белгилеп жатышат. Ошондой эле техникалык себептерден кулады деген версия да каралууда. Поездде 49 адам, алардын көпчүлүгү Француз темир жолу улуттук компаниясынын кызматкерлери жана алардын туугандары, коноктору болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG