Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

ТИМ: Белгия элчилигинде түз телефон байланышы ачылды


Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстандын Белгиядагы элчилиги Франциянын Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз байланышып, иштөөдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, Париждеги куралдуу кол салууда жабыр тарткан жана каза тапкандар арасында кыргызстандыктар жок. Ошондой эле Париждеги кыргыз диаспорасы да окуяда жабыр тарткан кыргызстандыктар туурасында маалымат жок экенин билдиришкен. Ошого карабастан Кыргызстандын Белгиядагы элчилигинде түз телефон байланышы ачылды. Кыргызстандын жарандарын издөө же маалымат тактоо үчүн +32 49 49 2 8888 номери иштөөдө.

13-ноябрдын кечинде Париждин бир катар райондорунда куралдуу кол салуу болуп, андан мерт кеткендердин саны 130га жакындады. Ондогон адамдар жараат алды. Окуядан соң өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Франциянын президенти Франсуа Олланд кандуу кол салууну уюштургандар менен аёосуз күрөшөрүн билдирди. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG