Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Иракта жезиттер жапырт көмүлгөн жай табылды


"Ислам мамлекети" тобунун баскынчылыгынан качкан жезит балдары. 10.12.2014.
"Ислам мамлекети" тобунун баскынчылыгынан качкан жезит балдары. 10.12.2014.

Ирактын түндүгүндө набыт болгон жезиттердин сөөктөрү көмүлгөн мүрзө табылды. Андагы 78 сөөктүн бардыгы 40 жаштан 80 жашка чейинки аялдар болгон. Алдын ала божомолдорго караганда, алар “Ислам мамлекети” эстремисттик тобунун колунан өлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар жана окуянын күбөлөрү билдиришүүдө.

Кыргынга учураган жезиттер ("йазиддер" - бир кудайга жана анын периштеси Азирейилге табынган топ) жапырт көмүлгөн жай “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн Синжар шаарынын жака белинде табылган. Аталган шаарды Ирактагы күрттөрдүн пешмерга кошуундары америкалык учактардын коштоосунда ушул жума бошоткон.

Былтыр августта жоочулар аны басып алганда анда жашаган жезит азчылыгы тоого качууга аргасыз болгон.

Былтыр Ирактын Түндүгүндөгү Синжар шаарындагы диний жана этностук топторду “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары кыргынга учураткан учурлары боюнча АКШнын Холокост мемориалдык музейинин алдындагы борбордун баяндамасы жарык көрдү. Анда 2014-жылдын июнь айынан августка чейин Синжардагы жана анын айланасындагы христиандар, жезит азчылыгы жана шийит топтору ырайымсыз кыргынга кириптер болгон фактылар каттоого алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG