16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -8...-13.
16-ноябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан, кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5 градус жылуу болот.(КЕ)