Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-ноябрда кечки саат тогуз жарымдар чамасында Ош-Бишкек жолунун 264-чакырымында бензин ташыган унаа аңтарылып кеткен. Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, 40 тонна майдын 10 тоннасы Чычкан дарыясына аккан. Учурда тиешелүү органдар анын зыянын эсептеп, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Машинадагы үч киши жакын жердеги ооруканаларга жаткырылды. (КЕ)