Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Донецктин жанында украин армиясынын бир жоокери окко учту


Донецк облусундагы украин аскерлери
Донецк облусундагы украин аскерлери

Украин армиясынын расмий өкүлдөрү өлкө чыгышында бир жоокердин мерт болгонун кабарлашты. Аскерлер козголоңчулардын колундагы Донецк шаарынан алыс эмес жерде аткылоого туш болуп, бирөө окко учту, сегиз жоокер жараат алды. Жикчилдердин жетекчилери болсо украин куралдуу күчтөрү алардын аймактарын миномет жана танктардан аткылашканын айтышууда.

Бир нече аптага созулган салыштырмалуу тынчтыктан кийин өкмөттүк армия менен орусиячыл козголоңчулар ортосундагы кармаш бир нече күндөн бери күчөп жатат. 14-ноябрда украин бийлиги Донецктин айланасында беш жоокер набыт болгонун маалымдаган.

2014-жылдын апрелинен бери өлкө чыгышындагы куралдуу жаңжал сегиз миңге жакын кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG