Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Орусиянын Олимпиада комитети допинг боюнча реформаны өз колуна алат


Орусия Олимпиада комитети өлкөнүн жеңил атлетика федерациясын өзгөртүү үчүн бардык аракеттерди жумшаарын билдирди. Допинг жаңжалга байланыштуу орус жеңил атлетчилери Бразилиядагы Oлимп оюндарына катышпай калуу коркунучунда турушат. Орусиянын Олимпиада комитетинин төрагасы Олег Жуков орус жеңил атлетика федерациясын Эл аралык жеңил атлетика бирикмесинин талаптарына ылайык, келтирүүнү колго алууга даярдыгын билдирди. Антидопинг чараларын көрүү Дүйнөлүк олимпиада коомчулугу менен макулдашылды. Орусиянын спорт министри Виталий Мутко Орусияга таза спорт керек дейт:

- Бизге таза спорт керек. Биз спортчулардын ден соолугу чың болушу үчүн баарын жасап, абийирдүү спортчуларды колдошубуз керек. Ал эми допинг менен ким шугулданса, анын эмне экенин түшүнүш керек. Түшүнбөсө кылмыш жоопкерчилигин киргизип, отургузабыз.

Дүйнөлүк антидопинг агентигинин маалыматынын негизинде Эл аралык жеңил атлетика федерациясындагы Орусиянын мүчөлүгү 13-ноябрда убактылуу токтотулган.

XS
SM
MD
LG