Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:12

Франция Сириянын Ракка шаарына абадан сокку урду


Париждеги террордук чабуулдардан кийин Франциянын аба күчтөрү "Ислам мамлекети" тобунун борбору саналган Ракка шаарына 20 бомба таштады. Франциянын Коргоо министрлигинин 15-ноябрдагы маалымдоосуна караганда, сокку жоочулардын аскер кампалары жана машыгуу жайларына урулду.

Түркияда “чоң жыйырмалыктын” саммитине президент Франсуа Олландын ордуна катышып жаткан француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус “Даештин чабуулун жоопсуз калтырбайбыз” деп, "Ислам мамлекетинин" башкача аталышын оозанды.

13-ноябрдагы Парижде жасалган террордук чабуулда 132 киши өлүп, 350дөйү жарадар болду. Француз полициясы жардырууну уюштуруучулардын бирөөсүнүн сүрөтүн жарыялап, издөө салды. (AiT)

XS
SM
MD
LG