Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Базар-Коргон райондук мамкаттоонун башчысы кызматкерин атканы айтылууда


Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Эмил Тарыхчиев мекеме кызматкеринин башына атып салганы тууралуу жагдай иликтенүүдө. Райондук милиция ишти прокуратура карап жатканын билдирди. Көзөмөл органы азырынча расмий маалымат бере элек.

Маалыматтарга караганда, райондогу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы кол астындагы кызматкер менен чырдашып, анын башына бир канча жолу травматикалык тапанча менен атып салган. Окуя 13-ноябрда болгонун, жабырлануучу азыр ооруканада экенин анын жакындары кабарлашты. Иш иликтенип жатканы менен Тарыхчиев кармалганы же кармалбаганы белгисиз.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул боюнча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG