Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Маңзат бизнеси менен алектенген күч кызматкерлер кармалды


Маңзатка каршы күрөш кызматынын бир өкүлү жана Ички иштер министрлигинин бир кызматкери мыйзамсыз маңзат бизнеси менен алектенгени үчүн сурак берүүдө. Алар менен кошо Бишкектин бир тургуну жана Өзбекстандын бир жараны колго түштү. Бул тууралуу Маңзатка каршы күрөш кызматынан кабарлашты. Алар Кара-Балта шаарында баасы 80 миң долларга барабар 10 кг маңзат менен кармалган.

Расмий маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери мамлекеттик мекемелердеги маңзат коррупциясына байланышкан 12 факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр арасында 8 адам жооптуу кызматта иштегендер. Дагы 8 киши укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери. (SE)

XS
SM
MD
LG