Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:24

Ош шаардык милициясы мыйзамсыз иштеп жаткан кезектеги казинону жапты. Абройлуу саналган “Бархан” кафесинин жертөлөсүндөгү кумаркананы иштетип жүргөнү үчүн 27 жаштагы жаран сурак берүүдө. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, ал жерге туруктуу кардарлар гана киргизилчү.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта казинолордун ишмердигине тыюу салынган. Бирок андан бери жашыруун иштеп келаткан бир канча кумарканалар аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG