Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

"Чоң жыйырманын" лидерлери террорго каршы күрөштү күчөтүүнү убада кылууда


"Чоң жыйырманын" саммитине чогулган лидерлер. Анталия, 15-ноябрь, 2015-жыл.
"Чоң жыйырманын" саммитине чогулган лидерлер. Анталия, 15-ноябрь, 2015-жыл.

Түркиядагы бүгүнкү саммиттин соңунан "Чоң жыйырманын" тобуна кирген өлкөлөр терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алат деп күтүлүүдө.

Саммиттин конок ээси –Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргендей, "Чоң жыйырманын" лидерлери бул маселе боюнча “күчтүү белги” берет.

Саммитке президент Франсуа Олланддын ордуна келген француз тышкы иштер министри Лорент Фабиустун айтымында, эң башкы убадалардын бири -терроризмди каржылап жаткан түйүндөрдү талкалоо жөнүндө болмокчу.

АКШ президенти Барак Обама өз тарабынан 13-ноябрда Парижде жасалган террордук чабуулдарды “цивилизациялуу дүйнөгө кол салуу” деп атап, Кошмо Штаттар жоопкерлерди табууда Франция менен бирге иштешерине токтолду.

Орус президенти Путиндин пикиринде, дүйнө терроризмдин коркунучун “эл аралык коомчулук өз аракеттерин бириктиргенде гана жойо алат". (UE)

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG